НЕОТЕНИЯ
НЕОТЕНИЯ (пёоз - жетилбеген, жаш жана грекче teino - чоюу, узартуу) - айрым организмдердин личинка абалында же жеке өрчүүнүн баштапкы стадиясында жыныстык жетилүүгө жана көбөйүүгө жөндөмдүүлүгү. Бул учурда жаныбар личинкасында жыныс системасы гана жетилген организмге мүнөздүү өрчүп, ал эми башка органдары личинка абалында кала берет. Айрым учурда личинкалар метаморфозго учурабай, узак убакытка чейин өсөт, бирок көбөйүү жөндөмдүүлүгү болбойт. Онтогенезде жашоо чөйрөсү өзгөрүп туруучу организм түрлөрүнүн ыңгайлануусу үчүн Н. жөндөмдүүлүгүнүн мааниси чоң. Н. кээ бир курттарда, рак сымалдарда, жөргөмүш сымалдарда жана курт-кумурскаларда, айрыкча жерде-сууда жашоочуларда кеңири таралган. Мисалы, куйруктуу жерде-сууда жашоочу амбистоманын жыныстык жактан жетилген сууда жашоочу личинкасы - аксолотль. Жылуу сууда жашоочу амбистоманын онтогенези метаморфоз менен жүрөт, терең, муздак сууда жашоочуларында Н. байкалат. Толук эмес Н. тритондордун кээ бир түрүнө мүнөздүү. Н. байкалуучу кээ бир жерде-сууда жашоочулардын метаморфозунун кечеңдеши калкан безинин функциясынын начарлашы менен байланыштуу.