НЕОСХОЛАСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОСХОЛАСТИКА - католик философиясынын о. кылымдагы схоластикасынын каада-салтта­рын андан ары өнүктүрүүгө умтулган ар кандай агымдарын бириктирген түшүнүк. 19-к-дын ба­шында пайда болуп, 19-к-дын аягында неото­мизм Н-сынын башкы агымына айланган учур­да өзгөчө өнүккөн. Н. неотомизм менен бирдикте платондук-августиндик багыттагы мектептер­ден, францискчил салттарга таянган окуулардан турган.