НЕОРОМАНТИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕОРОМАНТИЗМ - 19-20-к-дын аралыгында европалык көркөм маданията пайда болгон ар кандай агымдардын комплексинин шарттуу аталышы. Н-дин агымдары катары француз символизмин, постимпрессионизмди, катуураак айтканда - ошол мезгилдеги англ. 'адабияттагы агымды (Ж. Конрад, Р. Киплинг) аташат. Музыкада Н. деп адатта соңку романтизмди (Ф. Лист, Р. Вагнер), ошондой эле романтизмдин стилистикасына айланып кеткен 20-к-дын 70-80-жылдарындагы композиторлордун чыгармачылыгын түшүнүшөт.