НЕОН ЛАМПАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕОН ЛАМПАСЫ - төмөнкү басымдагы газ разряддуу жарык булагы; мында электр разряды кезинде неондуу чөйрөдө оптикалык диапазондогу нурлануу пайда болот. Лампага неонгелий аралашмасы толтурулат. Тутандыргыч чыңалууну төмөндөтүү үчүн газ аралашмасына бир аз аргон кошулуп, катоддун бетине активдүү заттын жука катмары сүйкөлөт. Лампа туруктуу жана өзгөрмө ток менен иштейт; кубаттуулугу 0,01-10 Вт, жарык агымы 0,02-5 лм, жарык берүүчү ток күчү миллиампердин (лА) үлүшүнөн, башкача айтканда 0,1 мАден 0,2 .иАге чейин. Н. л. аэродром маягында, сигнал, кооздук, жарнама жарыктарында ж. б. түзүлүштөрдө колдонулат.