НЕОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОЛЙТ,жаңы таш доору - таш доору­нун аягы; биздин заманга чейинки 6-миң жылдыктын аягынан башталып, түрдүү аймактарда ар кандай мез­гилде аяктаган. Н. ташты иштетүүнүн жаңы ык­малары (жылмалоо, бургулоо, тешүү), эмгек ку­ралдарынын жаңы түрлөрү (балта, көзөөч, кет­мен, жаргылчак, орок), чоподон жасаган идиш­тин, токуучулуктун, унаанын ыйгаруучу чар­бадан өндүрүүчү чарбага өтүүсү (аңчылыктан мал чарбачылыкка, жыйноочулуктан дыйканчы­лыкка) менен мүнөздөлөт. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгынын пайда болушун окумуштуу­лар адамзат коомундагы чоң төңкөрүш катары карап, «неолит революциясы» деп аташкан. Бул мезгилде аңчылардан, жыйноочулардан жана балык уулоочулардан алгачкы коомдун мал багуучулары, жер иштетүүчүлөрү бөлүнүп чыгат. Эмгектин жаңы бөлүнүшү байыркы элдердин ортосунда үзгүлтүксүз товар алмашууга шарт түзөт. Н. доорунда социалдык жана эконом. жак­тан энелик укукка негизделген уруулар калып­танат. Бир уруу кыйла өнүгүп, алдыга озсо, кээ бирлери үчүн өнүгүү өтө узак мезгилди талап кылат. Археол. маалыматтарга таянып, Н. доо-

Приморьеде (Ыраакы Чы­гыш) табылган неолит эстеликте­ри. 1-4 - жебе­нин учтары; 5 - кыргыч; 6 сөектен жасаган мончок; 7 - идиш; 8 - таш керки; 9 - колиедон фигуралары; 10, 11 - бычак; 12 - Руд­наядагы 2 тургун жайдагы турак планы; 13 - Руд­ная тургун жайынын планы; 14 - курант; 15 - ка­мандын тишинен жасалган буюмдар.

рундагы урууларга мүнөздүү эмгек, согуш курал­дары, кооздуктары, карапа идишке түшүрүлгөн оюулары, турак жайлары, каада-салттары, ди­ний ишенимдери болгондугун далилдөөгө болот. О. Азиядагы Н. дооруна тиешелүү эстеликтерге Жейтун, Жебел, Келтеминар маданияты., Гис­сар маданияты ж. б. археол. маданиятар кирет. Кыргызстанда Н. доорундагы таандык обишир жана гиссар маданияттарына кирген Обишир уңкуру, Таш­Көмур уңкуру.Ак-Чуңкур уңкуру, Терек, Кочкор-Ак­Жол, Үч-Чат өңдүү археол. эстеликтер ачылган.