НЕОЛИНГВЙСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОЛИНГВЙСТИКА — италян лингвистикасын­да 20-к-дын 20-жылдары младограмматизмге оппозиция катары чыккан багыт. Итал. идеа­лист философ Б. Кроченин айтуусуна жана лингвистикалык географияга таянып, Н. тилди «рухий, үзгүл­түксүз көркөм чыгармачылык» деп белгилеген. Н-нын младограмматиктер чыгарган фонетикалык за­кондорду этибар албай, фонетиканы өзүнчө изил­дегенге каршы чыгып, тил семантикасын би­ринчи планга койгону ушундан чыккан. Тилде­ги өзгөрүүлөрдү Н. мода, бедел сыяктуулардын таасиринин натыйжасы катары түшүндүрүп, тил коллективдүү эмес, индивидуалдуу көрүнүш деп эсептеген; тил тарыхын коом тарыхына байла­ныштуу, тексттин жиктелишине карай изил­дөөгө үндөгөн. Лингвистикалык география менен Н-нын тил­дин перифериялык (диалект, арго, бала тил ж. б.) ашкере изилдөөлөрүнөн тилде чек жок деген тыянак чыгат. Ареалдык лингвистика ме­тоддорун да Н. багыты иштеп чыккан.