НЕОГЕН МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОГЕН МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ), н е о г е н (нео... жана грекче £е'пов - пайда болуу, жаш) - кай­нозой заманындагы экинчи мезгил. Жердин геол. тарыхында антропоген мезгилинен мурун пайда болгон мезгил жана тоо тектер. Мезгилдин узактыгы 23 миллион жылга созулат. Бул жыл ра­диология ыкмасы менен аныкталган. Н. м. (с.) өз ичинен миоцен, плиоцен деген 2 бөлүмдөн ту­рат (к. таблица). Система (мезгил) 1833-ж. англ. геолог Ч. Лайель тарабынан Италиянын ай­магында бөлүнгөн. Аны 1853-ж. австр. геолог М. Гёрнес Н. м. (с.) деп атаган. 1882-1917-ж. орус окумуштуулары Н. И. Андрусов, В. П. Ко­лесников ж. б. тарабынан толук изилденген. Па­леоген мезгилинин аягында Түндүк Европа менен Түндүк-Батыш Азиядагы альп бүктөлүү аймагын­дагы зоналарда тоо пайда болуу процесси күч алат. Альп, Карпат, Балкан, Апеннин, Кавказ, Крым, Гималай ж. б. тоолор бийик көтөрүлөт. Тоо арасындагы ойдуңдарга талкаланган тек­тер толот. Тектоникалык кыймылдардан чөкмө тек­тердин калың катмарлары ийилип бүктөлөт.

Гранит интрузиясы менен терең жарылуулардан лава сызылып чыгып, жер бетин каптайт. Кара деңиз, Каспий, Адрия, Мрамор деңиздери терең басырылат. Тынч океандын жээктери көтөрүлүп, Кордильера, Анд, Камчатка, Филиппин, Жаңы

Неоген системасынын стратиграфиялык схемасы

Жалпы шкала

Радиометр

Ярустар жана горизонттор

бөлүм

бөлүмчө

менен анык­талган жа­шы, миллион жыл

Борбордук Ев­ропа

Кара деңиз - Каспий

айма­гы

Плиоцен

Үстүнкү К,3

2-6

Румын

Акчагыл

Ортонку ч22

Дакий

Киммерий

Астын­кы м2х

6-7

Понт

Понт

Миоцен

Үстүнкү N1’

7-12

Паннон Сармат

Мэотис

Сармат

Ортонку

Ч,2

12-19,5

Бадений

Карпатий Оттангий

Конка Караган - Чокрак Тархан Коцахур

Астын­кы М(*

19,5-25

Эгенбург Эгерий

Сахараул Алкун

Гвинея, Жаңы Зеландия, Алтай, Саян, Стано­вой, Урал, Атлас, Аппалачи тоолору орун алат. Африка менен Азия терең жарылат. Байкал, Ан­гара, Африка рифтери, Кызыл деңиз пайда бо­лот. Жанартоолор күчтүү атылып, жер солкул­дайт. Кум, кумдук, мергель, органикалык акиташ теги, конгломерат, көмүрдүү тектер чөкмөгө айланат. Кургакчылык өкүм сүргөн аймактарда гипс, туз калың катмарга айланат. Мезгилдин аягында Түндүк жарым шарды муз каптайт. Азыркы кез­деги рельеф келип чыгат. Органикалык дүйнө, климат­тык шарт азыркыдай абалга келет. Мезгилдин башталышында Түндүк жарым шардын климаты жылуу жана нымдуу келип, Сибирди жазы жал­бырактуу токой каптайт. Батыш Европада паль­ма, лавр өсөт. Мезгилдин аягында Сибирь ийне жалбырактуу токойго айланат. Тропиктик өсүм­дүктөр Жер ортолук деңизинин айланасында

сакталат. Неогендин башында жаныбарлардын жаңы түрлөрү келип чыгат. Мезгилдин орто че­нинде Европа, Азия, Түндүк Америка Беринг кы­сыгы аркылуу байланышат. Натыйжада жаны­барлар бири-бирине өтүп кетет. Деңизде моллюс­калар, фораминифералар, острокодалар үстөмдүк кылат. Неогенде нефть (Азербайжан, Түркмөн­стан, Түндүк Кавказ, Сахалин, Румыния, Ирак, Иран, Сауд Арабиясы, Бирма, Калифорния, Мексика, Колумбия, Аргентина), күйүүчү газ, кү­рөң көмүр, туз, гипс, тоолордо жез, мышьяк, коргошун, цинк, сурьма, молибден, вольфрам, висмут, сымап кендери калыптанат. Плиоцен­де чөкмө түрдө пайда болгон ири темир кени (Керчь ж. а.), боксит (Ямайка, Гайана, Гви­нея ж. б.) кездешет. Кыргызстандын аймагында Н. м-нде пайда болгон тектерге Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Фергана, Талас, Жумгал, Кочкор, Кет­мен-Төбө ж. б. ойдуңдардагы чопо, кумдук, гра­велит, конгломерат, паттум кирет.

Ад.: Андрусов Н. И. Избр. труды. Т. 1-4. М., 1961- 65; Гладенков Ю. Б. Неоген Камчатки. М., 1972.

Ч. Иманалиев.