НЕМАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕМАТОВ Нематжан (14. 3. 1941, Ош - 29. 4. 1996, ошол эле жер) - артист, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1967), Кыргыз ССР эл арт. (1980). Эмгек жолун 1957-ж. С. Киров атындагы Ош өзбек музыкалык драма

театрынын сахнасын­да иштөөдөн баштаган. 1970-ж. Н. Островский атындагы Ташкент театр институтун бүткөн. Аткарган ролдо­ру: Бочкарев (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Дөөтбай (Ч. Айт­матов, «Биринчи мугалим») ж. б. Режиссёр ка­тары М. Мирзарахимовдун «Мени бала көрбөгү­лө», А. Абдугафуровдун «Тапкыч талмас», «Гип­нос-2» ж. б. спектаклдерди коюуга катышкан. «Каныбек» кинотасмасына тартылып, Зуннахун­дун ролун ойногон. Бабур атындагы Ош өзбек музыкалык драма театрынын директору болгон. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.