НЕКТОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕКТОН (грекче nektos - сүзүүчү ) - суу агымына туруштук бере алуучу жана бир кыйла аралыкка активдүү сүзүп жүрүүчү жаныбарлар жыйындысы. Н-дун өтө көп жана туруктуу өкүлдөрү - балыктар, кальмарлар, кит сымалдар, деңиз жыландары. Н-го, ошондой эле кургактыкта тукумдап, бирок сууда азыктануучу жаныбарлар, мисалы, калак буттуулар, суу таш бакалары, пингвиндер, калан ж. б. кирет. Алардын денеси сүйрү формада болуп, кыймыл органдары жакшы өрчүгөн. Н. деңиздин үстүнкү тереңдигинде абдан ар түрдүү жана көп санда, себеби ал андагы азыктардын молдугуна байланыштуу.