НЕКРОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕКРОЗ (грекче nekrosis - өлүү) — тирүү организм­дин айрым бөлүктөрүнүн, ткань же клеткалар­дын жансызданышы. Анын пайда болушуна механикалык, физикалык (травма, үшүк алуу, күйүк), химиялык (кислота, щёлочь) таасирлер, кан айлануунун бузу­лушу ж. б. себеп болот. Н-до клетка жана клет­ка аралык заттарда мүнөздүү өзгөрүүлөр байка­лат. Клетканын ядросу жана цитоплазмасы бү­рүшөт, клетка мембранасынын өткөргүчтүгү жогорулап, осмос тең салмактуулугу өзгөрөт; гидролиз ферменттеринин активдүүлүгү күчөп, клетка эрийт. Н-дун өтүшү анын пайда болуу себептерине, жайгашкан жерине, таралышына жараша болот. Н-го учураган ткань ажырап түшөт, ириңдеп эрийт же туташтырма тканга айланат. Н. болгон органдын структурасы өзгөр­гөндүктөн, функциясы бузулат, ошондой эле к. Ганг­рена.