НЕКРАСОВ Николай Алексеевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕКРАСОВ Николай Алексеевич [28. 11(10. 12). 1821, Немиров деген жер, азыркы Винница обл­нун аймагында - 27. 12. 1877 (8. 1. 1878), Петер­бург] - орус акыны. Балалык чагы Ярославль обл-нун Грешнев (азыр Не­красов) кыш-нда өткөн. Бул анын дыйкандар менен волгалык бурлактардын оор турмушун өз көзү менен көрүп, крепостнойчулуктун ыра­йымсыз адеп-ахлагын эрте­леп аңдап билишине мүм­күндүк берген. 1832-37-ж. Ярославль гимназиясын­да окуган. 1838-ж. «Ой»,

1840-ж. «Үмүтжана добуш» ыр жыйнактары жарыкка чыккан. Бул жый­нактагы ырлар Белинский тарабынан учурунда катуу сындалган. 1841-ж. Белинский менен таа­нышканы кийин Н-дун акындык тагдырында чечүүчү мааниге ээ болгон. «Бешик ыры» (1845), «Караңгы көчө менен бара аламбы» (1847) ат­туу ырларында шаар турмушунун социалдык ка­рама-каршылыктары, «Мекен» (1846), «Ит агы­тып, аң уулоо» (1846) сыяктуу ырларында кре­постнойлук укук, помещиктер турмушу сында­лат. Н. 40-жылдары жакырлардын турмушунан алып прозалык чыгармалар да жазган: «Петер­бургдун булуң-буйткалары» (1845) очерки, «Дүй­нөнүн үч өлкөсү» (1849; А. Панаева экөө) ро­маны ж. б. 1847-ж. Белинскийдин колдоосу менен «Современник» журналын чыгарууга кириш­кен. Бул жылдары акын крепостной айыл-кыш­тактардагы кайгыны, жокчулукту көрсөтүүдөн («Кыштакта», 1853) калк каршылыгын (проте­стин) көрсөтүүгө өтүп, революционерлердин об­разын түзөт («Бактысыздар» поэмасы, 1856), эзилген элдин ырчысы катары чыгат («Кире бе­риштеги ойлор», 1858, кыргызчасы - 1971; «Вол­гада», 1860; «Темир жол», 1864). Реформадан кийинки жылдары Н. дыйкандардын турмушун, аял тагдырын, помещиктердин зомбулугун тай­манбай акыйкат сүрөттөгөн чыгармаларды жа­раткан: «Кыдырма соодагерлер» (1861), «Кызыл тумшук карт аяз» (1863, кыргызчасы - 1955), «Россияда ким жыргайт» (1863-77, кыргызча­сы - 1975) поэмалары. «Современник» жабыл­гандан кийин (1866) Н. «Отечественные запис­ки» журналын (1868) чыгарууга өткөн. Бул мез­гилден баштац дворяндык-буржуазиялык коомдун кем­чиликтерин ашкерелөө, аны сынга алуу («За­мандаштар» аттуу сатиралык поэмасы, 1875), революционерлерди даңазалоо [«Чоң ата» (1870), «Орус аялдары» (1871-72) деген поэмалар] анын поэзиясындагы негизги темага айланган. Н. орус поэзиясында Пушкин менен Лермонтовдун реа­листтик салтын жаңы шартта өрчүткөн. Анын чыгармалары орус классикалык жана совет поэзиясынын өрчүшүнө жагымдуу таасир тий­гизген. Н-дун көп чыгармалары кыргызчага ко­торулган.