НЕЙТРОНДУК ЖЫЛДЫЗДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕЙТРОНДУК ЖЫЛДЫЗДАР - чоң массадагы жылдыздардын эволюциясынын акыркы стадияларынын бири. Н. ж. нейтрондон, протондон жана ядродон турат. Н. ж-дын болуу мүмкүндүгүн нейтрон ачылгандан кийин алгачкы жолу Л. Д. Ландау көрсөткөн (1932). Бул жылдыздар өтө жаңы жылдыздардын жарк этишинин натыйжасында пайда болушу мүмкүн. Н. ж-дын массасы т-2-1030 кг, радиусу В-20 км, тыгыздыгы г-2-1011 кг/м?, басымы Р-1031-1031 кг/мг, айлануу мезгили 10"3 сек. Н. ж-дын орт. тыгыздыгы заттын ядролук тыгыздыгынан да жогору, ошондуктан анын түзүлүшү жана касиети ядролук күчтүн аракети менен мүнөздөлөт. Байланыш энергиясы 1046 дж. Н. ж-дын массасы өтө чоңоюп кеткенде кара тешикке айланат.