НЕГИЗГИ ФОНДДУ ПАЙДАЛАНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕГИЗГИ ФОНДДУ ПАЙДАЛАНУУ эки жол менен жүргүзүлөт. Биринчиден машина менен жаб­дуулардын жыл же сезон ичинде иштеген күнүн жана сменасынын санын арбытууну туюнтуучу экстенсивдүү пайдалануу; экинчиден, смена ичинде жумуш убактысын көбөйтүп, негизги фондулардын кубаттуулугун толугу менен макси­малдуу аракетке келтирүүнү туюнтуучу интен­сивдүү пайдалануу. Н. ф. п-дагы бул жолдор­дун толук аракетке келтирилиши кошумча ка­питалдык салым чыгымдабай эле өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.