НЕВРЙТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕВРЙТ (грекче neuron - нерв) — четки нервдер­дин сезгенүү оорусу. Ага кырсыкка учуроо, ал­коголь, мышьяк, коргошун менен уулануу, жу­гуштуу оорулар, нервдерди кан менен жабдуунун начарлашы ж. б. себеп болот. Мында нерв жай­гашкан жер сыздап ооруп, булчундар атрофия­га учурайт, нервдин сезгичтиги өзгөрүп, жабыр­каган мүчө ийне менен сайганды, ысык-суукту сез­бейт, ошондой эле кол, бут муздап, чымырайт, кээде шал болот. Көбүнчө бет, чыканак, билек, угуу нервдеринин Н-и кездешет. Бет нервинин Н-и суук тийүү, ортонку кулактын сезгенүүсү (к. Отит.) ж. б. менен байланыштуу. Мында бет­тин бир жагы шал болуп, оорулуунун маңдай териси көтөрүлбөй, көзү жабылбай, кабагын түйө албай, тиштене албай, ууртун чулчуйта албай калат. Жабыркаган жаагындагы ооз кычыгы­нан суюк тамак куюлат. Угуу нервинин Н-и зат алмашуу бузулганда, нервге кан жетишсиз кел­генде, мисалы, атеросклероздо ж. б. пайда болот. Анда кулак шуулдап, угуу начарлайт. Чыка­нак, билек жана билектин ортонку нервинин Н-инде манжалар, колдун кыймылы бузулуп, сезгичтиги начарлайт, булчуңдары ичкерет. Да­рылоону врач жүргүзөт. Оорунун негизги себе­бине жараша жабыркаган нервдин функциясын калыбына келтирүү үчүн аракет жасалат. Дене тарбия гимнастикасы, физиотерапия кеңири колдонулат. Алдын алуу үчүн эмгек гигиенасын сактоо, суукка учурабоо, кырсыктан сактануу, өз убагында врачка кайрылуу керек.