НЕВА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕВА — Ленинград обл-ндагы дарыя. Уз. 74 км, алабынын аянты 281 миң км2. Ладога көлүнөн башталып, Балтика деңизиндеги Финн булуңуна куят. Дельтасындагы аралдарда жана Нева боюндагы оёндо Ленинград ш. жайгашкан. Орт. чыгымы 2530 м21сек. Кээде түштүк-батыш жана батыштан соккон шамалдын натыйжасында Финн булуңундагы жана Н-нын төмөнкү агымындагы суунун деңгээли көтөрүлүп (суунун эң жогорку деңгээли Санкт-Петербургда), 1824-ж. (410 см) жана 1924-ж. (369 см) байкалган, кээде ташкынды пайда кылат. Декабрда тоңуп, апрель-майда муздан арылат. Ак деңиз Балтика жана Волга-Балтика суу жолунун бир бөлүгү. Башатында Петрокрепость ш. орун алган.