НЕАПОЛЬ (шаар)
НЕАПОЛЬ - Түштүк
Италиядагы шаар. Тиррен деңизинин Неаполь булуңунун жээгинде, Везувий жанартоосунун этегинде жайгашкан. Кампания обл-нун жана Неаполь провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 1,0 миллион (2010). Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Порт (жылына 10 миллион гдан ашык жүк ташылат). Өлкөнүн түштүгүндөгү маанилүү экономикалык жана маданий борбор. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, металлургия, машинакуруу (анын ичинде кеме куруу, электр-техникалык), жеңил, тамакаш (ири макарон фабрикалары), кагаз ө. ж. ишканалары иштейт. Университет (1224), музейлер (анын ичинде Европадагы эң ири археол., Сан-Мартино, улуттук ж. б.), Каподимонте сүрөт гал., «Сан-Карло» опера театры (18-к.), консерватория (1806) бар. Мурда Грекиянын ээлиги болгон. Биздин заманга чейинки 327-26-ж. Рим жеңип алган, биздин замандын 5-6-к-нда Византия бийлигинин астында, 13-к-дын 2-жарымынан Сицилия королдугунун, 1282-1442-, 1501-04-, 1806-15-ж. Неаполитан королдугунун, 1815-60-ж. эки королдуктун тең борбору болгон. Соңку христиан катакомбалары, Сан-Жованни баптиетерийи (5-к.), Кастель дель Ово (12-к.) жана Кастель Нуово (13-15-к.) сепилдери, көптөгөн готика, ренессанс жана барокко стилиндеги чиркөөлөр, ак сарайлар, Чертоза ге СанМартино кечилканасы (14-17-к.), Н-дан түштүк- чыгышта байыркы Помпей ш-нын калдыктары сакталган. Н. эл аралык туризмдин борбору.