НЕАНДЕРТАЛЬ АДАМДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕАНДЕРТАЛЬ АДАМДАРЫ, п а л е о а нтроптор — байыркы адамдар. Алар Европа, Азия жана Африкада мындан 200-35 миң жыл мурда (алгачкы палеолиттин аягы жана ортонку палеолит) жашаган. 1856-ж. Дюссельдорфко (Германия) жакын Неандерталь аймагында табылган адам сөөгү илимий сыпаттама алган соң, Н. а. деп аталып калган. Н. а. архантроптор менен казмадан табылган азыркы типтеги адамдар аралыгында жашаган. Батыш Европанын Н. а. орто бойлуу, мээси көлөмдүү, кабак

сөөгү жакшы жетилген, маңдайы тайкы болсо, Алдынкы Азиянын Н. а. аларга салыштырганда өнүккөн белгилерге ээ жана казмадан табылган азыркы типтеги адамдарга көбүрөөк окшош.