НАХИЧЕВАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАХИЧЕВАН — Нахичеван Автономия Респнын администрациялык борбору. Азербайжан Респ-ндагы шаар. Нахичеванчай д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 74,1 миң (2012). Т. ж. бекети. Тамак-аш, жеңил ө. ж., электр, радио-техникалык буюмдар, эмерек, курулуш материалдар өндүрүштөрү иштейт. Таш туз казылып алынат. Азербайжан ИАнын илимий борбору. Университет, музейлер, сүрөт гал., музыкалык- драма театры ж. б. бар. 12-к-дын архитектурасынын бермети болгон Кусейирдин уулу Жусуптун жана Момине хатундун мавзолейлери сакталган. Байыркы тургун жайлар болжол менен биздин заманга чейинки 1500-ж. сопу Ной тарабынан негизделген деп (армян жазууларына таянып) божомолдонот.