НАУРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАУРУ, Науру Республикасы­Тынч океандын түштүк-батышындагы Науру а-нда жайгашкан мамлекет. Аянты 21,3 км2. Калкы 14,0 миң (2009); негизинен наурулуктар (58%), ошондой эле кытайлар (8%), европалыктар (8%) жана

Тынч океанда жашаган улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Эл аралык аэропорту бар. Калкынын саны боюнча дүйнөдө 190-орунду ээлейт. Орт. жыш­тыгы 1 км2 жерге 649 киши. Борбору - Ярен (4700; калк эң көп отурукташкан жер; борбор катары кабыл алынганы менен Н-нын расмий борбору жок). Көпчүлүгү протестант динин ту­тат. Мамлекеттик тили - науру жана англис тилдери. Администрациялык-аймактык жактан 14 округга бөлүнөт. Акча бирдиги - австралия доллары.

Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу форма­сы - Вестминстер системасындагы парламент­тик республика. 1968-ж. Конституциясы кабыл алынган. Мамлекет жана өкмөт башчысы - пре­зидент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигин Министрлер кабинети ишке ашырат. Н-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Демокр. партия, Наоэро Амо жана Борбордук партия.

НАУРУ

Аралды шуру рифтери курчап жатат. Эң би­йик жери 61 м. Аймагын фосфориттешкен аки­таш тегинен түзүлгөн плато ээлейт (бийикт. 65 м). Фосфорит көп казылгандыктан, аймагы­нын 1 / бөлүгү карьерге айланган. Климаты мус­сондук, экватордук. Айлык орт. температурасы 28°С. Жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Туруктуу агын суусу жок; ичүүчү сууну сырттан алып келет. Сейрек токой жана бадалдар өсөт. Кокос пальма­сы өстүрүлөт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат.

Н-нун аймагын мындан 3000 жыл мурда эле микронезиялыктар жана полинезиялыктар ме­кендеген. Н. а-н 1798-ж. англистер ачкан. 1886-ж. Англия-Германия конвенциясы боюнча Н. Германияга ыйгарылган. 1888-ж. Германия оккупациялап, Жаңы Гвинея протекторатынын бир бөлүгүнө айланган. 1-дүйнөлүк согуш (1914- 18) учурунда Н-ну Австралия ээлеген. 1920-ж. Улуу Британиянын башкаруусуна өткөн.

Науруну бомбалоо учуру (1943).

1942-ж. Япония басып алган. 1943-ж. америкалык ар­мия Н-ну басып алуу аракетин жасаган, бирок ишке ашкан эмес. 1947-жылдан БУУнун кам­кордугуна алынып, Австралия Союзу, Жаны Зе­ландия жана Улуу Британия биргелешип баш­карган. 1950-жылдардан Н-да көз карандысыз­дык үчүн кыймыл башталып, 1968-ж. 31-январда Н. Британ шериктештигине (к. Шериктештик) мүчө болууга мүмкүндүк алып, көз карандысыз­дыкка ээ болгон. 1999-жылдан БУУнун, ошондой эле Тынч океан а. форумунун, Азия өнүктурүү бан­кынын, Африка өлкөлөрү, Кариб бассейни жана Тынч океан чөлкөмү ж. б. эл аралык уюмдар­дын мүчөсү. Н. дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен дипломатиялык мамиледе. Негизги өнөктөшү - Австралия, Улуу Британия, Индия, Кытай, Корея, Жаңы Зелан­дия, АКШ, Тайланд, Филиппин жана Япония. 2009-ж. 15-16-декабрда Абхазия жана Түштүк Осе­тиянын көз карандысыздыгын тааныган дүй­нөдөгү 4-мамлекет (Россия, Никарагуа жана Ве­несуэладан кийинки).

ИДПнин көлөмү 60 миллион АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштүргөндө 5 миң долларга

жакын туура келет. Экономикасынын негизин фосфоритти казып алуу (жыл сайын 2 миллион тдай) түзөт. Бирок чет өлкөлүк жардамга көз каран­ды. Кирешенин башкы булагы чет өлкөдө иш­теген жарандардын акча которуусунан түшөт. 2007-ж. 31 миллион кВт-с электр энергиясы өндү­рүлгөн. Жыгаччылык, тамак-аш ө. ж. иштейт. Автомобиль жолунун уз. 24 км. Экспортко (Австралия, Жаңы Зеландия, Япония) фосфо­рит чыгарат.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоо­ну, милдеттүү башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 67%ти түзөт (2008). Ге­зит-журналдар чыгат. «Радио Науру» мамлекеттик радиоуктуруу кызматы 1968-жылдан иштейт, телеберүүлөр Жаңы Зеландиядан (1970-жылдан) тартылып көрсөтүлөт.