НАТУРФИЛОСОФИЯ
НАТУРФИЛОСОФИЯ (немисче Naturphilosophie) - жаратылыш жөнүндөгү философиялык окуу; жаратылышты бүтүндөй алып карап, жалаң гана карандай ой жорууга салып чечмелөө, түшүндүрүү. Н. тигил же бул өлчөмдө табият таануу илимдери иштеп чыккан түшүнүктөргө таянат. Н. менен табият таануунун чектери жана анын философиядагы орду тарыхта алмашылып келген. Н. байыркы заманда маанилүү ролду ойногон, иш жүзүндө ал философиянын алгачкы тарыхый формасы болуп саналган. Байыркы грек натурфилософтору жалпы эле илимдин тарыхында өтө маанилүү роль ойногон гипотезаларды көтөрүп чыгышкан, мисалы, атомистика гипотезасы.
Тарыхтагы Кайра Жаралуу доору Н-нын кеңири кулач жайып өсүшүнө алып келди. Механикалык, табият таануу илимдеринин изилдөөлөрүндө техникалык каражаттарды колдонуу мурда болуп көрбөгөндөй масштабга жетиши Н-ны 2-планга сүрүп чыгарды. Ал эми азыркы кездеги эксперименттик табият таануунун теориялык жалпылоо кудуретинин өсүшү, табият илимдеринин, ИТРдин соңку жетишкендиктерине таянган концепциялары Н-нын андан ары өз бет алдынча жашашына чекит койду.