НАТУРАЛДЫК САН
НАТУРАЛДЫК САН - математиканын негизги түшунүктөрүнүн бири, башкача айтканда каалаган бутүн оң сан. Н. с. көптүктөр элементтерин саноодо пайда болгон. Ондук эсептөө системасында каалаган Н. с-ды п=ак-10к+ак 1-1ОА"1+...+а11О+ао түрүндө жазууга болот, мында к - Н. с., Одөн 9га чейинки эсептөө системасынын цифраларынын бири. Н. с-дардын көптүгү N тамгасы менен белгиленип, N={1, 2, 3, ..., п, ...} деп жазылат. Эгер а саны Н. с-дардын көптүгүнө тиешелүү болсо, анда ал аеА деп жазылат, мында «е» тиешелүү деген белги. Эгер а саны Н. с-дардын көптүгүнө тиешеси жок болсо, анда ал а е N деп жазылат. Н. с-дардын N көптүгү төмөнкүдөй касиеттерге ээ: 1еА, пеАден п+1еИ келип чыгат; эгер пеЫ болсо, анда п+1 болгон учурда гана тг-1еА орундалат; эгер М бул N көптүгунун бөлугү болсо, анда: 1еМ, пеМ тиешелүүлүктөрүнөн п.+ 1еА келип чыкса, М=Н болот. Н. с-дардын суммасынан, айырмасынан жана көбөйтүндүсүнөн Н. с. (бүтүн сан) келип чыгат, к. Натуралдык катар, Сан.