НАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАТУРА (латынча natura - жаратылыш, табият) - 1) жаратылыш, табият, өсүмдүк жана жан-жа­ныбарлар дүйнөсү; 2) адамдын мүнөзү, жүрүш­турушу, темпераменти; 3) сүрөтчүнүн көз алдын­да (баамында) турган реалдуу нерселер (адам, буюмдар, ландшафт ж. б.). Н-дан этюддар, бир шилтем сүрөттөр, көбүнчө портрет, пейзаж, натюрморт тартылат.