НАСТУРЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАСТУРЦИЯ, к а п у ц и н (Тгораео1шп) - өсүмдүктөрдүн настурциялар тукумунун уруусу; бир же көп жылдык, кээде оролуп өсүүчү чөп. Н-нын сабагы ширелүү, бутактуу, башка нерсе­ге

жармашып өсөт. Жалбырагынын көпчүлүгү калкан сымал тегерек, жазы. Жалбырак сабы узун. Гүлү чоң, жалгыздан жай­гашат, кош жы­ныстуу, өңү сары, кызыл, саргыч кызыл; жыттуу. Мөмөсү бир урук­туу, үч бөлүктөн турат. Н-нын 80дей түрү негизи­нен Түштүк жана Борбордук Америкада өсөт. КМШ өл­көлөрүндө эки түрү (чоң жана кичине Н.) кооздук үчүн өстүрүлөт. Перу, Боливия жана Чилиде өстү­рүлүүчү көггтүрүнүн түймөгү желет. Курт-кумур­ска аркылуу чандашат. Н-нын чырмала өскөн түрү балкон, дубал ж. б-ды кооздоо үчүн өстү­рүлөт. Бир жылдыгы - негизинен гибрид сорт­тору.