НАССАУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАССАУ, Н а с с о - Багама Аралдар Шерик­тештигинин борбору (1973). Н. архипелагдын та-

Түнкү Нассау.

рыхый, коммерциялык жанаишкер бөлүгу. Нью­Провиденс а-нда, Нассау океан бухтасына жан­тайыңкы дөңсөөлүү аралдын капталында жай­гашкан. Калкы 241,2 миң (2010; өлкөнүн кал­кынын г/3 бөлүгү; жашоочулардын 85% и негр­лер менен мулаттар). Эл аралык аэропорту бар. Порт круиз кемелерин кабыл алат. Эл аралык финансы борбору. Климаты тропиктик пассат­тык. Урагандар болуп турат. Жылдык орт. темп­расы 21°Сден 25°Сге чейин, жаан-чачыны 1400 мм. Н. 1670-ж. негизделген. Н-нун герцогу Оранский Вильгельм Шнүн урматына аталган. 18-к-да деңиз каракчылары үчүн эң ыңгайлуу бухта болуп келген. Университет бар. Шаар статусун 1973-ж. 10-июлда алган. Шаардын борбордук бөлүгүн­дө королева Викториянын айкели, Шарлотта форту (1788; учурда музей) сакталган. «Адастра Гарденз» ботаникалык багы уюштурулган (көптөгөн тропиктик, субтропиктик өсүмдүктөр өстүрүлөт). Сыртка былпылдактар, цитрус мөмөлөрүн чы­гарат. Инфраструктурасы жогорку деңгээлде өнүккөн дүйнөлүк курорт катары кабыл алын­ган. Туризм өнүккөн.