НАСОС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАСОС - сырткы энергиянын жардамы менен суюктуктарды басым аркылуу шыкап агызууга же сордурууга арналган гидравликалык маши­на, аппарат же прибор. Н. байыркы замандан эле белгилүү. Байыркы грек механиги Ктесибий өрт өчүргүч Н-ту (биздин заманга чейинки 1-к.) жасаган. 19-к-га чейин суу көтөргүч машиналар пайдаланылып келген. 18-к-дын аягынан поршендүү Н-тор колдонула баштаган. 1838-ж. орус инженери Атап Айтканда Саблуков бир баскычтуу, ал эми 1846-ж. америкалык инженер Жонсон көп баскычтуу Н. жаса­ган. Кысылган абанын же башка газдын энер­гиясы менен скважинадан сууну же нефтини чы­гаруу 1897-ж. Бакуда, 1901-ж. АКШда колдо­нула баштаган. Н. жалпысынан кыймылдат­кыч менен иштөөчү Н.-машина, энергиялар аркы­луу аракетке келтирилүүчү Н.-аппарат деп бө­лүнөт. Н.-машина калакчалуу, поршендүү, ро­торлуу, Н.-аппарат агымдуу, газлифттүү, кысып чыгаруучу, магнит-гидродинамикалык Н. ж. б. болуп айырмаланат. Калакчалуу Н-тун борбор­дон четтеме, октуу, куюндуу түрлөрү бар. Бор­бордон четтеме Н-тор тегеренип туруучу жумуш­чу дөңгөлөктүн кинетикалык энергиясын калак­тардын ортосундагы суюктукка берүүнүн неги­зинде иштейт. Суюктуктарды көп (мол) берүү үчүн октуу (осевой) Н-тор колдонулат. Калак­чаларынын дөңгөлөккө бекитилүүсү боюнча пропел­лерлүү (калакчалар кыймылсыз бекитилген) жана кыймылдуу калакчалуу болуп айырмала­нат. КуюндууН. суюктуктарды өзү сорот, ал тез буулантуучу суюктуктарды сорууда (тол­турууда) колдонулат. Поршендүү Н-то цилиндр­деги поршендин же плунжердин ары-бери кый­мылынын натыйжасында толтуруу же соруу иши аткарылат. Суюктуктарды аз-аздан толту­РУУ үчүн роторлуу Н-тор пайдаланылат. Иштөө принциби боюнча поршендүү Н-ко окшош, бирок анда соруучу жана толтуруучу клапандар жок. Н. аппаратынын көп тараган түрү - а г ы м­д у у Н. Алардын ичинен суу агымдуу_Н-тун иштөөсү үч процесстен турат, анда адегенде суюк­туктун потенциалдык энергиясы кинетикалык энергияга өзгөрөт, суюктуктун бөлүкчөлөрү менен берилүүчү кыймылдын саны алмашылат. Жумуш аткаргыч жана жылдыргыч суюктуктардын ара­лашмасынын кинетикалык энергиясы потен­циалдык энергияга айланат. Н-тор гидротех. ку­рулмаларда, жылуулук-техникалык түзүлүштөрдө нефть өндүрүүдө, курулушта ж. б. кеңири колдонулат.

Ад.: Корелин В. Я„ МинаевА. В. Насосы и насосные станции. М., 1986.