НАСИР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАСИР Искендер уулу (1933-жылы туулган, Кетмен-Төбө өрөөнү, Кызыл-Өзгөрүш айылы) - манасчы. «Манасты» 12 жашынан эле айта баштаган. Айтуучулук шыгынын жаралышын бардык манасчылар сыяктуу эле сырткы күчтүн колдоосу, башкача айтканда түш көрүү салты менен байланыштырат. Андан «Манас» эпосунун «Алооке кан», «Манастын туулушу, балачагы», «Кыргыздардын Анжиянга көчүүгө камынганы», «Элдин Ала-Тоого көчкөнү», «Манас Алооке канды жеңгени», «Шоорук кандын кыргыздарга кол салышы, ар элдин башкаруучуларынын дайындалышы», «Алмамбеттин келиши» эпизоддору жазылып алынып, КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.