НАРЫН УЧАСТКАЛЫК СОЛДАТТАР ЖАНА МУСУЛМАН ДЕПУТАТТАР СОВЕТИНИН СЪЕЗ- ДИ
НАРЫН УЧАСТКАЛЫК СОЛДАТТАР ЖАНА МУСУЛМАН ДЕПУТАТТАР СОВЕТИНИН СЪЕЗДИ - Нарын аймагында Совет бийлигинин орношун аныктаган съезд. Маалыматтын жетишсиздигине байланыштуу бул аймакта жашаган жергиликтүү калк Совет бийлигинин маанисин түшүнбөгөндүктөн, съездди өткөрүү үчүн Токмок ш-нан Ф. С. Дубовицкий баштаган 200 кызыл аскер келген. Алар 1918-ж. 3-апрелде элди шаардагы аянтчага чогултуп, анда жер-жерлерде жергиликтүү советтерди түзүү үчүн кырк кишиден турган депутаттар совети шайланган. Аягында съезддин атынан Убактылуу өкмөттүн жоюлганы, жаңы бийликтин орногону жарыяланып, Советтерди коргоо үчүн Нарын аймагында кызыл армияны түзүү тууралуу чечим чыккан. Куралдуу жоокерлерге каяша айтуудан корккон эл, көпчүлүк добуш менен анын чечимине макул болушкан.