НАРЫН КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Ат­Башы жана Нарын ойдуңдарынын ортосунда. Уз. 120 км, туурасы 18 км, орт. бийикт. 4200 м, эң бийик жери 4499 м (Орто-Ача чокусу). Н. к. т. Ат-Башы жана Эңилчек тектоникалык жаракасы менен неоген-төртүнчүлүк доордо көтөрүлүп, мегантик­линалдык структураны түзгөн. Н. к. т. гранит менен диориттен турган каледон тектеринен түзүлгөн. Батыш кыры жапыз, томпок сымал, капталдарында жайдак түзөңдөр бар; орто бөлүгү тик, кууш капчыгайлар көп. Чыгыш тарабы кырдуу, бийик; байыркы муздардын тепшиле­ри тик капталдуу, аскалуу жабык төрлөр менен курчалган. Азыркы мөңгүлөр жоюлган. Түндүк капталдары тик, аскалуу, түштүгү жантайың­кы. Суулардын жээгинде төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон суулардын тектирлери бар. Алар дыйканчылыкта пайдаланылат. Ландшафты бийиктеген сайын өзгөрөт. Түндүк капталдарында карагайлуу токой (2600-3000ж бийиктикте), субальп шимүүрлүү. шалбаасы жана шалбаалуу талаа (3000-3200 м), альп шалбаасы (3200- 3500 м); түштүк капталдарында бетегелүү бийик тоо талаасы (2600-3000м), карагайлуу токой (Бо­роондуу, Ача-Кайыңды, Улан ж. б. капчыгай­ларда; 2800-3000 м бийиктикте), субальп шал­баасы, шалбаалуу талаа, арча токою (3000- 3200 м}, доңуз сырттуу шалбаа (3200-3500 м), гляциалдык-нивалдык ландшафттар (3600 лгден жогору) мүнөздүу. Тоонун түндүк капталынын кооздугуна тянь-шань карагайы көрк кошот. Салкын-Төр эс алуу жайы жайгашкан.