НАРЫН КОЗГОЛОҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН КОЗГОЛОҢУ - 1920-ж. ноябрда ак гвардиячылар жана соодагерлер тарабынан чык­кан козголоң. Нарын ш-ндагы кызыл гвардия­нын катарында кызмат өтөп жүргөн офицер Кирьянов жана соодагер К. А. Бондарев 1920-ж. августта Совет бийлигин кулатуу максатын көздөп, жашыруун контрревя-чыл уюм түзүш­көн. 1920-ж. 5-ноябрда офицерлер Кирьянов жана Демченко башкарган аскер бөлүгү Ат-Ба­шыдагы чакан гарнизонду басып алып, 6-ноябр­да Нарындагы 23-полктун батальонун куралсыз­дандырган жана кызыл командирлерди, саясий кызматкерлерди камакка алып, уезддик-шаар­дык парткомдун төрагасы X. Мусабаевди, уезд­дик саясий бюронун төрагасы/С. Орозбековду өлтүрүшкөн. 11-ноябрда Нарын уездиндеги бий­лик толугу менен козголоңчулардын колуна өткөн. Андан ары Пишпекти алууну көздөшкөн. Н. к-н басуу үчүн 13-ноябрда Токмок ш-ндагы 2-өзгөчө полк жана 4-түркмөн полку жөнөтүл­гөн. Козголоңчулардын негизги тобу Кочкордо

(15-ноябрь), Долон ашуусунда (19-ноябрь) тал­каланып, калганы Нарынга чегинип, андан Кы­тайга өтүп кетишкен.