НАРЫН АКИ ТАШ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАРЫН АКИ ТАШ КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 3 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 2170-2200 м бийиктикте жайгашкан. 1955-ж. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы аныкталган. Кен төмөнкү таш көмүр мезгилиндеги визе ярусунун акиташ тегинен түзүлгөн. Кендин түндүк-чыгыш жагында жаткан нык майда бүртүкчөлүү, массивдүү, каралжын-боз аки таш теги пайдалуу катмар болуп эсептелет. Аки таш аз магнезийлүү 1-сорттогу аки алууга жарамдуу. 1 кг акиден 2,4 л эринди чыгат. Запасы А+В+С^ категориясы боюнча 623 миң т.