НАРЫН (дарыя)
НАРЫН (моңголчо нарайин - кууш, тар, ичке, кысык деген мааниде) - Кыргызстандагы эң чоң жана суусу мол дарыя, Сыр-Дарыянын оң куймасы. Уз. 534 км (Чоң Нарынды кошкондо 807 км), алабынын аянты 58 370 клг2. Алабы түндүктөн Тескей, Кыргыз, Талас Ала-Тоолору, түштүктөн Какшаал, чыгыштан Ак-Шыйрак, батыштан Фергана кырка тоолору менен чектешет. Ак-Шыйрак кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы Петров мөңгүсүнүн этегинде 3730 м бийиктикте жайгашкан көлдөн Кум-Төр деген ат менен башталат да, Ара-Бел-Суу менен кошулуп, Тарагайды (Жаак-Таш) түзөт. Тарагай менен Кара-Сай кошулгандан кийин Чоң Нарын деп аталып, тектирчелүү жайык өрөөн менен батышты карай агат. Жогорку Нарын ойдуңунун борбордук бөлүгүндө салааланып, нугу кеңейип, батышында кайра кууштайт. Бул бөлүгүндө дарыяга Каракол (чыгыш) жана Улан суулары кошулат. Улан суусунун чатынан Айры-Суунун (оң куймасы) кошулушуна чейин өтө кууш капчыгай менен агат. Орто Нарын ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө Чоң Нарын Кичи Нарын менен кошулат да, Н-ды түзөт. Мында дарыя Нарын ойдуңунун сол жак чети менен кеңдик багытта агат. Бул бөлүгүндө ойдуң кенен, тектирчелүү. Сол куймасы Теке-Секирик кошулган жерде гана Н-дын сол жээгиндеги палеоген-неогендин кызыл түстүү тектери жакындашып, кууш өрөөндү пайда кылат. Ала-Мышыкты кууш Ак-Кыя капчыгайы аркылуу жандап өтүп, түндүк-батыш багытты карай шар агат. Андан төмөн бир нече кмге чейин ойдуң кенен, жээктери жапыз, нугунун туурасы 80-100 лгге жетет. Куланак кыш-на жакын Н. бир нече салаага бөлүнүп, майда аралдард-Ы пайда кылат. Аралдар жана дарыя жээктери майда токой менен капталган. Бул бөлүгүндө Н-га Ат-Башы жана Алабуга суулары кошулат. Алабуганын чатынан батышты карай 50 км аралыкта Молдо-Тоо менен Ак-Шыйрак (Чаар-Таш) кырка тоолорун бөлүп туруучу кууш (нугунун туурасы 40-50 м)
капчыгай аркылуу агып, Тогуз-Торо ойдуңуна чыгат. Ойдундун борбордук бөлүгүндө жумуру шагыл таштуу аралдар жана кумдуу сайроондор менен бөлүнгөн бир нече салаа бар. Тогуз-Торо депрессиясынын батыш бөлүгүндө Н-га КөкИрим (сол куймасы) суусу кошулуп, Молдо-Тоо менен Көк-Ирим тоосун бөлүп жаткан кууш капчыгай (уз. 40 км) менен түндүктү карай агат. Капчыгайдан чыга беришинде эң ири куймасы - Көкөмерен кошулуп, батышты карай чулу тоо тектерден түзүлгөн тектирчелүү кууш өрөөн менен жайылып (туурасы 100-150 мге чейин) агат. Батышты карай өрөөн улам кеңейип, Кетмен-Төбө өрөөнунө чыгат. Мында Н-га Чычкан жана УзунАкматп суулары кошулат. Н. Кетмен-Төбө өрөөнүнөн кийин түштүк-батышты карай 100 км аралыкта Ат-Ойнок жана Фергана тоолорун бөлүп, антецеденттпик өрөөн менен агат. Капчыгайдан чыккандан кийин түштүккө карай бурулуп, өрөөнү кеңейип, Н-га Кара-Суу (оң) кошулат. Фергана ойдуңуна чыкканда Кара-Дарыя менен кошулуп, Сыр-Дарыяны түзөт.
Н-дын алабында жалпы аянты 1357,8 км2 болгон 2074 мөңгү бар. Көбү (70% ке жакыны) АкШыйрак, Тескей Ала-Тоо, Жетим, Борколдой ж. б. кырка тоолордо жайгашкан. Ири мөңгүлөрү: Петров (аянты 70,6 км2), Түндүк Кара-Сай (49,0 км2) ж. б. Н-дын уз. 10 кжден ашык 330 жана андан чакан 500 куймасы бар. Ири куймалары: Кичи Нарын, Он-Арча, Кажырты, Куртка, Көк-Ирим, Толук, Көкөмерен, Чычкан, УзунАкмат, Кара-Суу (оң), Ат-Вашы, Алабуга, КараСуу (сол) ж. б. Н. негизинен кар-мөңгү жана булак сууларынан куралат. Апрелде кирип, сентябрда тартыла баштайт. Башталышында бир аз бөлүгү кышында тоңот; кышкысын Н-дын көп бөлүгүнө шыргалан жана жээк муздары мүнөздүү. Жылдык орт. чыгымы Нарын ш-на жакын 88,4 м?/сек, эн көбү 232 м2/сек (июль), эң азы 25,2 м3/сек (январь), Фергана ойдуңунда (ҮчКоргон ш. тушта) орт. чыгымы 432 м?)сек, эң көп чыгымы 963 м3!сек (июнь), эң азы 161 м?/сек (февраль). Сугатка (негизинен Фергана ойдунунда) кеңири пайдаланылат. Н-дан Чоң Фергана каналы башталат. Н. гидроэнергетика ресурстарына өтө бай; энергиясынын кубаттуулугу боюнча КМШда 7-, потенциалдык ресурсу боюнча Волгадан кийинки 2-орунда; жалпы кубаттуулугу 6956,3 миң кВт. Н-да Ат-Башы, Токтогул, ҮчКоргон, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Камбар-Ата ГЭСтери иштейт; Боюнан Нарын, ТашКөмүр, Кара-Көл, Үч-Коргон ш., Достук, Токтогул шаарчалары, Казарман ж. б. кыш. орун алган.
Ад.: Щулъц В. Л. Реки Средней Азии. Л., 1965; Бассейн реки Нарын (физико-географическая характеристика). Фр., 1960; Основные гидрогеологические характеристики. Т. 14, в. 1. Л., 1967.