НАРЫМБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫМБАЕВ Данияр Ильич (15. 6. 1959-жылы туулган, Фрунзе) - мамлекеттик ишмер. 1983-ж. КМУну бүтүр­гөн. Нарын шаардык спорт комитетинде жумушчу, ИИМде инспектор (1983-86), секретариатында улук референт (1986-88), Фрунзе шаардык 1-май р-н­дук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү (1988-89), Кыргыз ССР Министрлер Советинин иш башкармалыгында же­тектөөчү адис, референт (1989-91), КРдин

Президен­тинин аппаратында рефе­рент, бөлүм башчынын мил­детин аткаруучу (1991-92), КР Президентинин админи­страциясында бөлүм башчы (1992-94), КР Жо­горку Арбитраж сотунун төрагасынын милде­тин аткаруучу (1994-95), төрагасы (1995-2002), КРдин юстиция министри (2000), КР Президен­тинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү (2005-06), КРдин Конституциялык кеңе­шинин мүчөсү, ошондой эле учурда секретариаттын же­текчиси (2010), КР Өкмөтүнүн аппарат жетек­чисинин орун басары - КР Өкмөтүнүн Жогорку

Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү (2010-11), КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйга­рым укуктуу өкүлү - КР Президентинин кеңеш­чиси (2011-12), КР Президентинин аппарат жетекчисинин орун басары (2012, сентябрь­октябрь), 2012-жылдан аппарат жетекчиси. Жогорку квалификациялык класстагы судья (1995), мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2002).