НАРТ ЭПОСУ
НАРТ ЭПОСУ - кавказ элдеринин монументалдуу эпосу; өзүнчө бир ынтымакты түзгөн баатырлардын эрдиктери баяндалат. Н. э. абхаз, балкар, карачай, ингуш, чечендерде да айтылат. «Нарттар» термини өзүнчө баатырдык топту түзгөн эпос каармандарынын жалпы атын туюндурат. Топтун башчысы сыйкырчы, акылман,
кеңешчи - Сатана (адыгэлерде жана абхаздарда - Сатаней), айрым варианттар боюнча Уархаг - эгиздер Хсар менен Хсартагдын атасы делет. Н. э-нун пайда болушу жөнүндө маалымат так эмес. Эпостун негизин биздин заманга чейинки 7-4-к-да скиф доорунда чыккан байыркы алан эпикалык цикли түзөт. Эпопеянын улуттук варианты жергиликтүү фольклордон байыган. Анда негизинен матриархаттын калдыгы сакталган уруучулук коом турмушу көрсөтүлөт, кийинки коомдук формациялардын элементтери да камтылган. Тексти 19-к-дын ортосунан тартып кагазга түшүрүлө баштаган. Н. немис, англис, француз тилдерине которулган.