НАРИСТЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРИСТЕ — 4 жумадан 3 жашка чейинки бала. Бул мезгил 1 жашка чейинки же эмчектеги бала жана 3 жашка чейинки бала болуп шарттуу бөлүнөт. Эркек жана кыз бала 1 жашка чейин бирдей өсөт. Алардын териси назик келип, оной жараланат, ошондуктан таза күтүү зарыл. Бала 1 жаштан өткөндө 12 сүт тиши, экиге толгондо 20 тиши чыгат. 2-3 жашка чыкканда дем алуу органдары жана жүрөк-кан тамыр системасы, нерв-психикалык абалы жана кыймылы да ан­дан ары өрчүйт. 1 жаштан баштап, бала өзү отуруп-турат, басууга аракеттенет, көп сөздү түшүнөт. Бир жарым жаштан тартып, басканы тыңып, чуркагысы келет, кашыкты кармап тамакты өзү ичүүгө аракеттенет. Н. баланын ичеги-карыны жакшы даярдалган тамакты гана сиңире алат. Тамак менен түшкөн оору козгогуч микробдорду жок кыла албайт. Н. баланын организми белок, май, углеводдор, витаминдер менен жетиштүү камсыз болууга тийиш. Баланы дайыма бир мезгилде тамактандыруу оң, бул шарттуу рефлексти пайда кылат. Бир жарым жаштан тартып, 4 маал тамактандыруу керек, беймаал тамактандыруу анын табитин начар­латат. Н-нин режими баланын жашына, жеке өзгөчөлүгүнө ылайык түзүлүп, баланы бир убак­та уктатып көндүрүү зарыл. Бала айлана-чөй­рөнүн терс таасирине чыдамдуу болушу үчүн анын денесин чыңдоо керек. Денеси чың бала түрдүү зыяндуу таасирлерге туруктуу келип, жугуштуу оорулар менен аз ооруйт.