НАПОЛЕОН СОГУШТАРЫ
НАПОЛЕОН СОГУ1ПТАРЫ — Наполеон 1нин консулдугунун (1799-1804) жана империясынын
(1804-14, 1815) мезгилиндеги Франция согуштары. Н. с. Европада соода ө. ж. жана аскердиксаясий үстөмдүгүн орнотуу, Франция аймагын кеңейтүү, дүйнөлүк соода жана колониялык биринчилик үчүн Улуу Британия менен болгон күрөштө жеңишке ээ болуу максатында жүргүзүлгөн. Н. с. алгач прогрессивдүү, кийин басып алуучулук мүнөздө болгон. Н. с. объективдүү түрдө европалык мамлекеттердеги (Германиядагы ондогон майда феод. мамлекеттер жоюлуп, кээ бир басып алынган мамлекеттерде Наполеондун жарандык кодекстери киргизилген) феод. түзүлүштү ыдыратып, капитализмди өнүктүрүүгө түрткү берген. 1799-ж. 18-брюмердеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Наполеон I аскердик диктатура орноткон. 1800-ж. Наполеон 1нин армиясы Альп тоолору аркылуу Италия жерлерин басып алган. 1803-ж. Улуу Британия менен согушуп, Трафальгар салгылашында (1805) англис флотунан жеңилген, бирок Францияга каршы уюшулган коалиция күчтөрүн бир бирден талкалаган. 1805-ж. Ульмага жакын жерде австриялык армияны курчоого алып, 1805-ж. 2-декабрда Аустерлиц салгылашында орус-австрия аскер күчтөрүн багынткан. Австрия 1805-ж. 26- декабрда Франция менен Пресбург тынчтык келишимине кол коюуга мажбур болуп, келишим боюнча Австрия Франциянын Италиядагы, Батыш жана Түштүк Германиядагы басып алган жерлерин тааныган. 1806-ж. Наполеон I Батыш жана Түштүк Германия мамлекеттеринен Рейн союзун түзүп, аны Франция менен бирге аскер блогуна кошкон. Рейн союзунун түзүлүшү 1806-ж. август айында австриялык Габсбург династиясы башкарган «Ыйык Рим империясынын» жоюлушуна алып келген. 1806-ж. Йена жана Ауэрштедттин алдындагы салгылашуулардан кийин Пруссия француз аскерлери тарабынан оккупацияланган. 1807-ж. Фридланддын алдындагы салгылашууда Наполеон I орус аскерлерин жеңип, Тильзит тынчтык келишими боюнча Россия аймактарын басып алган. 1808-ж. француз армиясы Испанияны оккупациялап, 1808-ж. Мадридди алган. 1809-ж. австрия-француз согушунда Налолеон I Ваграмдын алдында болгон салгылашта Австрияны, 1810-ж. Голландия королдугун көз каранды кылг^ан. Француз өкмөтү, француз буржуазиясы жана жогорку даражадагы аскерлер басып алган мамлекеттерди талап-тоноодон байыган. Наполеондук эзүүгө каршы коалициялар түзүлүп, көтөрүлүштөр чыккан. Ата Мекендик согушта орус элинин күрөшү жана фельдмаршал М. И. Кутузов жетектеген орус армиясынын күчү менен Наполеон 1нин армиясы толук талкаланган. 1814-ж. майда Париж тынчтык келишимине (к. Париж тынчтык келишимдери 1763,1814,1815) кол коюлуп, Франция бардык басып алган жерлеринен ажыраган. 1815-ж. Наполеон I тактысына кайра отуруп, «Жүз күн» башкаруу мезгилинде Наполеон I А. Веллингтон башкарган англис жана Г. Блюхердин командачылыгы астындагы пруссиялык аскерлерден биротоло жеңилген.