НАМАНГАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАМАНГАН - Өзбекстандагы шаар. Наманган вилоятынын администрациялык борбору. Фергана өрөөнүнүн түн-батышында, Чаткал жана Курама тоолорунун этегинде жайгашкан. Республиканын борбору Ташкенттен 305 км. Калкы 428,0 миң (2010). Калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Т. ж. бекети. Өзбекстандын ири индустриялуу борбору. Жеңил (пахта тазалоочу ж. б.), текстиль (накта жибек атластары; өлкөдө
чыгарылган кездеменин 15% и), тамак-аш (май, консерва, шарап чыгарылат, пиво кайнатылат) ө. ж. ишканалары, химиялык, трансформатор, машина куруу заводдору иштейт. Университет, 2 институт, 10 коллеж, театр, край таануу музейи ж. б. бар. 15-к-дын аягынан белгилүү.