НАМАЗБЕКОВ Калыс
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАМАЗБЕКОВ Калыс (9. 5. 1933, азыркы ЫсыкКөл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чычкан кыш. - 1997, ошол эле жер) - малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмг.

сиң. устат (1977). Эмгек жолун 1945-ж. жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1956- жылдан Пржевальскидеги (азыркы Каракол) а. ч. техникумунда, 1961-жылдан Жети-Өгүз р-нундагы «Коммунизм» колхозунун баш чабаны болуп эмгектенген. 1970-ж. короосундагы ар 100 тубар койдон 140тан козу, ар койдон 3,5 кгдан жүн кыркып алууга жетишкен. Ленин, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган. Райондун борбору Кызыл-Суу айылынын бир көчөсүнө ысмы ыйгарылган.