НАЛИВКИН МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАЛЙВКИН МӨҢГҮСҮ - Какшаал тоосунун түндүк капталындагы тоонун чокусунда жаткан мөңгү. Уз. 13,2 км, аянты 19,5 км2. Туурасы 300- 1000 м. Какшаал д-нын сол куймасы Чоң ҮзөңгүКууштун башында, Мушкетов мөңгүсүнүн
чыгыш тарабында жайгашкан. Этек бөлүгү терең капчыгайда жатат. Мөңгүнүн маңдайында жаткан калың морена кууш эрозиялык шаңшаарга барып такалат. Жаңы жээк мореналары мөңгүнүн четинен 50-60 м жогору жатышы анын кичирейип бараткандыгын айгинелейт. Башы деңиз деңг. 5700 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4830 м. Абляциясынын аянты 5,0 км2. Мөңгүдөн башталган суу АйТалаага (Чоң Үзөңгү-Куушка) куят. Мөңгү орус геологу Д. В. Наливкиндин ысмынан аталган.