НАЖИБУЛЛА
НАЖИБУЛЛА Мухаммед (6. 8. 1947, Афганстан, Гардез - 27. 9. 1996, Кабул) - Афганстандын мамлекеттик жана саясий ишмери, дипломат. Медицина илимдеринин доктору (1975). 1975-ж. Кабул университетин бүткөн.

1980-86-ж. Мамлекеттик информация кызматынын начальниги, 1986- 92-ж. Афганстан Элдик-демокр. партиясынын генералдык секретары, ошол эле мезгилде 1986-87-ж. Революциялык советтин төрагасы, 1987-92-ж. Афганстандын президенти. Ал «улуттук тынчтык» заясатын жүргүзүп, элдин социалдык абалын оңдоого аракеттенген. Афганстандан советтик аскерлер чыгарылгандан кийин 1992-ж. оппозиция өкүлдөрү Н-нын өкмөтүн кулаткан. Өмүрүнүн акыркы жылдары Н. Кабулдагы БУУнун миссиясынын имаратына жашыруун баш калкалап, 1996-ж. «Талибан» ислам уюмунун өкүлдөрүнүн колунан өлтүрүлгөн.