НАДЬ
НАДЬ Имре (7. 6. 1896, Австрия-Венгрия, Капошвар, - 16. 6. 1958, Будапешт) - Венгриянын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1916-ж. 1-дүйнөлүк согуш (1914-18) убагында орустарга туткунга
түшүп, Иркут губерниясына алынып келинген. 1917- 24-ж. РКП(б)нин мүчөсү. 1917-ж. Кызыл Армиянын катарында согушкан. 1921- ж. Венгрияга кайтып келгенетикалык 1924-25-ж. Венгр социал-демокр. партиясынын, 1925-жылдан Венгр социалисттик жумушчу партиясынын мүчөсү. 1928-ж. Венага эмиграция-

га кеткен. 1930-44-ж. Н. СССРде жашап, Коминтернде (к. Коммунисттик Интернационал) жана СССР ИАнын А. ч. институтунда иштеген. 1944-ж. Н. коммунист-эмигранттардын катарында өз мекенине кайтып келген. 1944-45-ж. а. ч. министри, 1945-49-ж. Венгр КП БКнын мүчөсү. 1949-ж. оппортунизмге тиешеси бар деген күнөө менен Венгр КП БКдан чыгарылып, бардык кызматтарынан бошотулган. 1950-ж. а. ч. министри болуп дайындалган. 1953-55-ж. Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. 1956-ж. Венгриядагы. козголоң башталганда Министрлер советинин төрагасы болуп кайра дайындалган. Ал демонстрацияга чыккандарды колдоп чыгып, Венгриянын Варшава келишиминен (1955) чыккандыгын жарыялаган. Советтик аскерлер козголонду баскандан кийин, 1958-ж. Будапештте жашыруун түрдө өлтүрүлгөн. 1989-ж. коммунисттик режим кулагандан кийин салтанаттуу түрдө кайра көмүлүп, Венгрия улуттук баатыры деп жарыяланган.