НАВОИ (шаар)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАВОИ (1958-ж. чейин Керм ине кыш.) - Өзбекстандагы шаар (1958). Навои обл-нун администрациялык борбору. Заравшан өрөөнүндө жайгашкан. Өзбекстан Респ-нын борбору Ташкенттен 360 км түштүк-батышта. Калкы 163,6 миң (2012). Т. ж. бекети. Жол тоому. ГРЭС, химиялык, пахта тазалоо, тамак-аш, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Эки институт (анын ичинде педагогикалык), академиялык лицей, 6 коллеж, китепканалар, 2 музей, театр ж. б. бар. Өзбек акыны А. Навоинин ысмынан аталган. Н-ге жакын 10-11-к-дагы мавзолей жана 1558-59-ж-дагы ханака (сыйынуу жайы) сакталган. 2001-ж. А. Навоинин 560 жылдык маарекеси өткөрүлүп, апын айкели орнотулган.