НАБИЕВА
НАБИЕВА Асылкүл (24. 5. 1949-жылы туулган, Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Сын-Таш айылы) - драма артисти, КРдин эл арт. (2000). Б-. Бейшеналиева атындагы КМИИни бүтүргөн (1976). 1976-79-ж. Мамлекеттик
телерадиок-тинин адабий-драма редакциясында, 1979-91-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында иштеген. Б. Кыдыкеева атындагы сыйл. лауреаты (1995). Аткарган негизги ролдору: Гонерилья, айым Макбет (У. Шекспир, «Король Лир», «Макбет»), Катерина Ивановна (Ф. М. Достоевский, «Кылмыш жана жаза»), Анита (Э. Леман, «Ведсайт окуясы»), Галя (А. Е. Макаёнок, «Өлүм жазасы»), Инкамал апай (Ч. Айтматов, «Кыямат»), Айша (Б. Өмүралиев, «Ырайымсыз ража»), Назими (С. Ахмад,


Ж. Сооданбек, «Жашоо үчүн курман болгондор», 1987), Бурул байбиче, аял (реж. Э. Абдыжапаров, «Айыл өкмөтү», 2003; «Уурунун махабаты», 2008). Орден жана медалдар менен сыйланган.
