НЁЗВАЛ
НЁЗВАЛ Витезслав (26. 5. 1900, Моравия, Бискоупки - 6. 4. 1958, Прага) - чех акыны, Чехословакия эл сүрөтчүсү (1953). 1919-22-ж. Брно жана Прага университеттеринде окуган. Ырларын 1919- жылдан жарыялай баштаган. Лирикаларында жакшылык менен жамандыктын, прогресс менен реакциянын күрөшүн чагылдырып, чыг-чыл эмгекти, дүйнөнүн көркөмдүгүн ырга кошкон. «Кичинекей сыйкырчы» (1922), «Пантомима» (1924), «Розалуу бакча» (1926), «Эдисон» (1928), «Мезгил кабары» (1931), «Пруссиялыктар» (1939) ж. б. поэмаларында мекенди даңазалоо, фашисттик коркунучка каршы чыгуу ачык байкалат. «Улуу куранттар» (1949), «Канаттар» (1952) ыр жыйнактарында, «Тынчтык ырында» (1950; Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк Советинин Алтын медалы, 1953), «Туулган жер тууралуу» (1956) поэмасында заманбап адамдын рухий байлыгын даңктоо, тынчтык үчүн күрөш драматизми айкын көрүнөт. Н. прозада, драматургияда, котормодо жемиштүү эмгектенген, ошондой эле шыктуу композитор жана еүрөтчү да болгон.
Чыг.: Избранное, М., 1960; Стихи. Поэмы. М., 1972; Ырлар (которгон Т. Кожомбердиев). Ф., 1972.
Ад.: Шерлаимова С.А. Витезслав Незвал. М., 1968.