МӨНДҮР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МӨНДҮР - кичине томолок, ныкталган муз түрүндө жааган атм. жаан-чачын. Өлчөмү 5- 55 мм, кээде андан да чоң болот. Күн жылуу маалда түшөт: аба алмашуунун натыйжасында төмөнкү катмардагы нымдуу жылуу аба жогору (5-6 клгге) көтөрүлүп, тез муздашы менен муз кристаллдарына айланат. Кристаллдар төмөн түшө баштаганда кездешкен ным алардын көлөмүн чоңойтуп, мөңгү бүртүктөрү пайда болот. Адатта, калың түрмөктөлгөн булуттан кууш, бирок узун (жүздөгөн клгге чейин) тилкеде чагылгандуу кара нөшөр менен кошо түшөт. М. көбүнчө мелүүн алкакта, түштөн кийин жаап, адатта, 5-10 мүнөт, чанда жарым саатка созулатынча Уюлга жакын аймактарда М. түшпөйт. М. эгинди, бак-дарактардын мөмөлөрүн, бүчүрлөрүн талкалап, а. ч-га өтө зыян келтирет.