МӨДӨН КЫРГЫЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МӨДӨН КЫРГЫЗ - Түштүк Сибирь, Моңголия ай­магындагы кыргыз урууларынын бири. Азыр алар өз тилин жоготуп, халха-моңголдордун курамына сиңип кеткен. Айрым адабияттарда «кыр­гыз», «бурут» уруулары кирген Түндүк-Батыш Моң­голиядагы этностук топтор (дөрбөн, мингат ж. б.) «уранхайлар» деген ат менен да белгилүү. Моңгол-тыва тилинде Мөдөн «сымал», «сыңа­ры», «окшош» деген маанини туюнтат. М. к. - «кыргыз өңдүү», «кыргызга окшош» дегенди түшүндүрөт. Ушул эле аймакта «хара хыргыс», «шера хырхыс», «хасха хырхыс» ж. б. уруу­уруктар бар экени такталган. О. Каратаев.