МҮЧӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МҮЧӨ — жеке өзүнчө колдонулбаган, грамматикалык мааниси сөзгө уланганда гана аныктала турган көмөкчү морфема. М. бир катар тилдерде уңгу­нун тыбыштык өзгөчөлүгүнө карата бир нече фо­нетикалык вариантка ээ. Мисалы, кыргыз тилин­де: саан+чы, тил-Нчи, жумуш+чу, өтүк-чү. Функциясына карай М. сөз жасоочу, сөз өзгөр­түүчү, форма жасоочу деп бөлүнөт (кийинки экөө кээде бирге да каралып жүрөт). Сөз жасоо­ч у М. бир сөздөн экинчи бир сөздү жасайт, тилдин сөздүк курамынын байышында чоң роль ойнойт: эмгек+чил, сызтгыч ж. б. С ө з ө з­гөртүүчү М. сөздүн башка сөзгө болгон синтаксистик мамилесин туюндурат: заман+дын, кел+ем. Форма жасоочу М. сөздүн лексикалык маанисине кошумча маани кирги­зет (ата+ке, ага+тай) же грамматикалык өзгөчө маани кошот (киши+лер). М. уңгуга жалгануу ордуна карай префикс, суффикс деп бөлүнөт. П р е­ф и к с (приставка) уңгунун алды жагынан (на+писать, бей+максат), суффикс арт жагынан писа+тель, сатир+ик), инфикс ичинен (корабл+- +е+строение, народ+о+население) жалганат.