МЮНХЕН
МЮНХЕН - Германиядагы шаар. Бавария жеринин (адм-айм. бирдик) администрациялык борбору. Альп тоосунун этегинде, Изар д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 1,3 миллион (2011; шаар айланасы менен Чоң М-дин калкы 2,6 млндон ашык). Европалык маанидеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн ө. ж., финансы, илимий жана маданий борборлорунун бири. Электр-техникалык, радиоэлектроника, жалпы жана транспорттук машина куруу, кагаз, полиграфиялык, тигүү жана текстиль,

химиялык, тамак-аштатымал (анын ичинде пиво кайнатуу өнүккөн) ө. ж. ишканалары иштейт. Банк иштери жана соода борбору. ИА жана асем искусство академиясы, университет, музейлер (анын ичинде Бавария улуттук, этногр. ж. б.), глиптотека (айкелдер топтому), эски жана жаңы пинакотека, театрлар бар. М-ге 8-к-дан эл отурукташа баштаган. 1158-жылдан шаар. 13-к-дан герцог резиденциясы. 1918-ж. чейин Бавариянын борбору болгон. Соңку готика стилиндеги Фрауэнкирхе чиркөөсү (15-к.), Кудай эне собору (15-к.), Эски ратуша (15-к.), барокко стилиндеги Нимфенбург ак сарайы (17-18-к.) сакталган. 1972-ж. М-де XX олимпия оюндары өткөн. Жыл сайын ярмаркалар жана пиво фестивалдары өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
ВМ1Ү музейи.