МЫШЫК ТАМЫР
МЫШЫК ТАМЫР (Valeriana) - өсүмдүктөрдүн мышык тамырлар тукумунун уруусу. Бийикт. 50-70 сжге жеткен, бир же эки үйлүү көп жылдык чөп. Жалбырагы сабакка тушташ жайгашкан, жээги тегиз, же үчилтик жана канатчадай тилкелүү. Гүлү майда, эки же бир жыныстуу, калканча, жарым шарча татаал топ гүлгө чогулган. Желекчеси
коңгуроодой, мала көк, кызгылт көк түстө. Мөмөсү - бир уялуу урукча. Жер жүзүндө анын 200 түрү, Түштүк жана Түндүк Америкада, Евразияда таралган. Кыргызстанда 4 түрү бар, алар бөксө жана бийик тоодогу таштак, аскалуу беттерде, нымдуу жердеги бадал, токой арасында, өзөн бойлорунда өсөт. М. т-дын тамыры медицинада нерв системасынын, жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо дары катары кеңири пайдаланылат. Тамырынын ширеси орга-

низмди тынчтантып, бир калыпта иштөөсүн камсыз кылуучу ар түрдүү дары-дармектин курамына кошулат.