МЫРЗА-АКЕ ЧОПО КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЫРЗА-АКЕ ЧОПО КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Өзгөн ш-нан 10 км түштүк-чыгышта, Мырза-Аке кыш-нын түштүк четинде, деңиз деңгээлинен 1128-
1160 м бийиктикте. 1958-ж. жана 1969-71-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагында антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөкмө тектер кеңири тараган. Кумайлуу чопо Өзгөн суусунун жээгиндеги 3-тектирди түзүп жатат. Үстүн шагылдуу кой таштар жаап калган. Кумайлуу чопонун өңү сары, агыш боз, тыгыз, айрым жерлери көзөнөкчөлүү. Катмардын калыңдыгы 6-55 м. Химиялык-технол. касиети боюнча кумайлуу чоподон «75» жана «100» маркасындагы кыш, «500» маркасындагы аглопорит алууга болот. 1996-жылга карата калган запасы А+В+С^ категориясы боюнча - 6686 миң м3, С, - 540 миң м3.