МЫКААЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫКААЧЫ - Ак-Талаа р-нундагы суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 45 км, алабынын аян­ты 504 км2, деңиз деңгээлинен орт. бийикт. 2200 м. Жаман-Тоонун (Арпанын Ала-Тоосу) түндүк кап­талынан Кара-Суу деген ат менен башталып, Бай­биче тоосун кууш капчыгай менен кесип өтөт. Маистан өтөгүнөн өткөндө соолуп барып, кайра­дан булактардан куралып, босоголуу кууш нук аркылуу Нарынга куят. Негизинен жаан-чачын, кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 3-4 м3/сек; эң көбү апрёль-майда, эң азы январда байкалат. Сугатка пайдаланы­лат. Боюнда Кара-Суу, Жаңы-Тилек кыш. бар.